• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Коронавирустан дагы 2 бейтап каза болду

10 Кулжа 202010:17 Бишкек Govori.TV

Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Жалал-Абад облустук ооруканасынан 72 жаштагы аял киши жана Панфилов Жалпы дарыгерлер практикалык борборунан 70 жаштагы эркек киши каза болду. Алардын өнөкөт оорулары дагы болгон»,-деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 26 кишини түздү.

Количество просмотров: 272