• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирустан дагы 4 бейтап каза болду

8 Чын куран 2021 10:11 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3, Чүйдө бир адам каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 712 бейтап, амбулатордук түрдө 870 адам дарыланууда. 528 бейтаптын абалы орто оордукта, 158 адамдын абалы оор жана 24 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 4, үй карантининен эки медкызматкери айыгып чыккан. Пандемия башталгандан бери 4 миң 294 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 221 медкызматкер айыгып чыкты”, — дейт ал.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 660 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 607 киши айыгып чыкса, 1 миң 516 адам каза болду.

Количество просмотров: 93