Коронавирус илдетинен Кыргызстанда дагы эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламатттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттө өткөн жыйында кабарлады.
Анын айтымында каза болгон эки жарандын бири кан рагы менен ооруп жаткан болчу, жана даарылануу учурунда вирусту жугузуп алган. Анын өлүмүнүн себеби негизги оорусу жазылды деп кошумчалады ал.
Ал эми экинчи жаран 85 жаштагы аял киши ооруканага пневмония менен өтө оор абалда жеткирилген. Лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин андан коронавирус оорусу аныкталып, кыргыз-түрк ооруканасына которулган. Бейтапка керектүү жардамдар көрсөтүлгөнүнө карабастан көз жумду.
Муну менен өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 29 адамга жетти.