Индиядагы дарыгерлер коронавирустан дарылайт деген ишеним менен уйдун кыгы пайдаланылып жатканына тынчсызданып жатышат.
Учурда Индияда коронавирус менен катталгандардын саны 22,66 млн адамга жетти. Бул оорунун кесепетинен 246 116 бейтап көз жумган. Ал эми эксперттер эсепке алынбай калган өлүмдүн саны мындан 5-10 эсе жогору болушу мүмкүн экенин айтышат.
Ал эми Индиянын батышындагы Гуджарат штатындагы айрым жарандар уйлар багылган жайга жумасына бир ирет барып, уйдун заңын бүт денесине сүйкөп жатышат. Бул коронавируска каршы иммунитетти жогорулатып, андан айыгууга көмөктөшөт деген ишенимдери бар.