• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирустан сактанган Наоми Кэмпбелл күйөрмандарын таң калтырды

12 Жалган куран 2020 17:32 Бишкек Govori.TV

Британиялык модель жана актриса Наоми Кэмпбелл Кытайда тараган короновирустан улам коргонуу максатында атайы форма кийди. Лос-Анджелес шаарындагы аба майдандан түшкөн сүрөтүн инстаграмдагы өздүк баракчасына жарыялады.

«Эң башкысы коопсуздук»,-деп жазган модель.

Наоми Кэмпбеллдин жарыялаган сүрөтү 400 миң лайк топтоп, күйөрмандары «биздин ханыша эми коопсуздукта», «кандай кийим кийсе жарашат» деген сыяктуу көптөгөн билдирүүлөрдү калтырышкан.

Кошумчалай кетсек, Наоми Кэмпбелл мода дүйнөсүн багынтуу менен гана тим болбостон, актриса, ырчы, парфюмер, телеалпаруучу катары белгилүү. Ал комедия, драма жана документалдык жанрдагы 30дан ашык тасмага тартылууга жетишкен.

Количество просмотров: 247