• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Коронавирустан улам Евровидение-2020 ыр сынагы өтпөй калды

20 Жалган куран 20209:52 Бишкек Govori.TV

Коронавирус илдетине байланыштуу быйыл Евровидение-2020 ыр сынагы өтпөй калды. Бул тууралуу 18-мартта сынактын уюштуруучулары билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

Белгилүү болгондой, конкурс быйыл 12-16-майда Нидерланддын Роттердам шаарында өтмөк.

Европа телерадиоберүү бирикмеси мындай чечимге «COVID-19 вирусунун бүтүндөй Европага жайылышы себеп болгонун маалымдаган.

Eurovision сынагы — 1956-жылдан бери өткөрүлүп келаткан популярдуу шоу. Былтыр Израилде уюштурулуп, нидерланддык Дункан Лоуренс жеңүүчү болгон.

Количество просмотров: 102