Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму берген расмий маалымат боюнча коронавирустук инфекциядан жана пневмониядан каза болгондордун сөөгү белгилүү бир талаптар сакталса, башка адамдар үчүн коркунучтуу эмес. Вирус тышкы чөйрөдө 3-4 саат аралыгында жок болуп кетет.
Ага карабастан, бардык алдын алуу чараларын сактоо зарыл.
Эгерде адам коронавирус же пневмониядан каза болсо, эмнеге көңүл буруу керек:
Эгерде адам ооруканада каза болсо, бардык тийиштүү процедуралар медициналык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт. Медкызматкерлер толугу менен маркумду көмүүгө даярдап, аны жууп кепинге ороп, кошумча полиэтилендик кездемеге ороп, моргдун короосунда эле намаз (жаназасын) окушат. Ошол жерден дароо эле көрүстөнгө алып кетүү керек. Кепинге орогондон кийин, аны кайра ачып, коштошууга болбойт.
Эгерде маркум үйдөн каза болсо, санитардык дарыгерлердин айтканын так аткаруу зарыл. Ошондой эле, медициналык көрсөтмө боюнча дезифекция процедураларын, өздүк гигиенаны сактап, беткап жана колкап кийүү кажет.
Башка сунуштар жана чектөөлөр: