• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирустун 870 жаңы учуру катталып, 2 каза болду

19 Үчтүн айы 2022 10:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 19-январга карата коронавирус 870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 627, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 141, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда – 16 жана Баткен облусунда 28 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 201 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 192 миң 158 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 426 киши айыгып чыкса, 2 миң 838 бейтап каза болду.

Количество просмотров: 86