Коррупция менен күрөштөн атайын эсепке 11 миллиондон ашык каражат түштү
Коррупция менен күрөштөн атайын эсепке 11 миллиондон ашык каражат түштү
3 Бештин айы 201811:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.12.2018.Govori.TV.
Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 11 миллион 215 миң 817 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган мекеменин депозиттик эсепке которгон акчасынын жалпы суммасы ушуну менен 237 миллион 900 миң 938 сом болду.
Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби быйыл июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.
Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.
Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты …
«Ысык-Ата» санаторийинин айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мекеменин кызыкчылыктарына каршы аракеттерди жасаганы аныкталды. …