• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

«Коррупцияга каршы күрөштү улантабыз». Журналист Болот Темиров кайрылуу жасады

22 Чын куран 2022 20:53 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнө козгогон кылмыш иштери тууралуу комментарий берди. Журналист кайрылуусун Temirov LIVE Ютуб каналына жарыялады. Темиров өз кайрылуусунда Москвада окуусун аяктагандан кийин 2006-жылы Кыргызстанга көчүп келгенин айткан.

«Мага кылмыш иштерин ачып, өзүмө жана командама куугунтук уюштуруп жаткандардан менин айырмам эмнеде экенин билесиңерби? Аларга ачуум келбегенинде жана аларга окшоп өч алууну каалаган жокмун. Мен коррупция жана массалык уурулук — Кыргызстанды өнүктүрбөй жаткан башкы тоскоолдук экенин билем. Биздин команда коррупцияга каршы күрөшүүнү улантат. Сөз эркиндиги каныбызда бар, ал манасчы, акындарыбыз аркылуу муундан-муунга өтүп келген. Сөз эркиндигин коргоп кала алабызбы же бизге тийиштүүлөрдү эле билип кала беребизби? Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн жетишкендиги ал үчүн күрөшүү керек», — деген журналист.

Количество просмотров: 283