• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Темиров учурда кайда жана өлкөдөн кантип чыгарылганы жөнүндө айтты

24 Жетинин айы 2022 14:29 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 23-ноябрда өлкөдөн чыгарылган журналист Болот Темиров менен «Азаттык» маек курду. Анда ал өзүнүн кантип чыгарылганы, учурдагы абалы жана алдыдагы ишмердүүлүгү тууралуу суроолорго жооп берген.

Болот Темиров аны сот залынан түз эле ИИМдин кызматкерлери аэропортко алып барышканын билдирди.

«Мени кылмышкердей эле 6,7 бала аэропортко жеткирди. Мени текшеришип, телефонумдун бар жок экенин карашты. Документимдин жок болгонуна байланыштуу алар биринчи Орусиянын элчилигине байланышып, аларды күтүштү. Орусияга кайтаруу боюнча күбөлүк кылдырганы аракет кылышты окшойт. Алар кыла албай коюштубу же үлгүрүшпөдүбү билбейм. Анан мени аэропорттун чек ара постунан чуркатып алып өтүштү. 2-3 жылдан бери чек арачылар посттон минумум 5-10 минута кармашат болчу. Бул ирет 1 секунд да кармашкан жок. ИИМдин терроризм жана экстремизм менен күрөшкөн 10-башкармалыгынын кызматкерлери коштоп барышты. Орусиянын чек арачылары менен сүйлөшүштү. Алар соттун чечимин сурашты эле ИИМ кызматкерлеринин колунда жок болуп чыкты. Анан электрондук түрдө алдыртышты окшойт. ФСБ чек арачылары жалпы базадан карап, менин документтеримди табышты окшойт, өткөрүштү. Кызматкерлер мени чек арадан өткөргөнгө чейин чоогу болушту. Ал жактан апам күтүп алды. Азыр бул жактагы кырдаалды билбейм. Бир аз эс алып туруп, Орусиянын мыйзамдарын, бул окуялардын жүрүшүн, кырдаалды карап көрөйүн. Азырынча коопсуздук жөнүндө бир нерсе айта албайм. Орусия Кыргызстандагы иштер боюнча аларга баш ийеби, ийбейби, билбейм. Баш ийбейт го. Акыркы 7 жылдан бери бул жакта боло элек элем. Ал эми кечээги чечимди, окуяны мен өчөшкөндөрү деп баалап жатам. Сот система эрдик көрсөтүп тарыхый чечим чыгарат десем Ташиев менен Жапаровдун күчүгү экен. Алдыда биз дагы иштей беребиз. Жооп беребиз, улантабыз, мыйзам түрүндө аларды жоопко тартабыз. Жогорку соттон өтүп, эл аралык сотко кайрылабыз. Дүйнөгө бетин ачабыз», — деген Болот Темиров «Азаттыктын» журналистине берген интервьюсунда.

Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарган. Отурум, 23-ноябрда Свердлов райондук прокуратурасынын аппелациялык арызынын негизинде өткөн. Андан соң, ал өлкөдөн чыгарылган.

Количество просмотров: 520