• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Мен эмес…». Ташиев Темировдун өлкөдөн чыгарылганы тууралуу

24 Жетинин айы 2022 12:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылуусу боюнча пикирин айтты. Ал депутат Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып, Темировдун өлкөдөн чыгарылганын билген да эмес экенин билдирди.

«Кечеки иш боюнча сот чечим чыгарды, ИИМ тергөө жүргүздү, прокуратура тактап берди. Менин кандай тиешем бар? Дагы бир жолу айтам, ал мен эмес, биздин мекеме эмес… Сот чечим чыгарды, чыгарып жиберишти. Мен жада калса анын өлкөдөн чыгарылганын билген эмесмин. Эки күндөн бери иштер менен чуркап жүрөм. Түндө үйгө келгенден кийин билдим ал тууралуу. Экинчиден сиз анын эмне үчүн чыгарылганы боюнча таанышсаңыз», деди Ташиев.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун ишин карап, аны Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми биринчи инстанциянын өкүмүнүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды.

Сот чечими окулган соң Болот Темировду милиция кызматкерлери күч менен алып чыгып, унаага салып кетишкен. Малыматтар боюнча Темировду «Манас» Эл аралык аба майданына алып барып, Орусияга учакка салышкан.

Эске салсак, 27-октябрда прокуратура Болот Темирого карата чыккан райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту журналистке карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу аны актаган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Количество просмотров: 1645