• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Иликтөөчү журналист Темировдун жактоочулары Жогорку Сотко кайрылды

7 Теке 2023 15:25 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун адвокаттары ага карата буга чейинки инстанциялардагы соттун чечимдерине карата кассациялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу анын жактоочуларынын бири Бакытбек Автандил билдиргенин «Азаттык» жазды.

Арызда Болот Темировго карата Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү келтирилген.

Эске салсак, Темиров былтыр 23-ноябрдын кечинде “Манас” аба майданынан күч менен Бишкек – Москва каттамына отургузулган жана аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп Орусияга чыгарып кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Буга журналисттин Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганы негиз болгону айтылган. Чечим ошол эле күнү ишке ашырылган.

Болот Темиров ага коюлган айып негизсиз экенин айтып келет.

Количество просмотров: 129