• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Коррупцияга каршы кызматтын кызматкеримин деп алдамчылык кылган адамдар кармалды

28 Тогуздун айы 201912:21 Бишкек Govori.TV

Өздөрүн УКМКнын Коррупцияга каршы кызматтын кызматкери деп тааныштырып, жеке ишкерден акча талап кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 27-октябрында КР УКМК ККК Бишкек шаарында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө жеке ишкер Ш.А. талап кылынган акча каражатынын жарымы 1000 АКШ долларын алып жаткан учурда КР УКМК ККК бөлүм башчысы жана кызматкери деп таанышкан Б.А. жана И.М кармалды. Алар Ш.А. ишмердигин текшерүүнү уюштурабыз деп коркутуп, андан 2000 АКШ долларын талап кылышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азырку учурда КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Кармалган адамдар Б.А. жана И.М. КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК ККК аталаган фактылар боюнча кармалган адамдардытаануу максатында сүрөттөрүн жарыялайт жана ишеним телефонудоруна чалууну суранат 0312 660475, 0312 626504.

Количество просмотров: 112