• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Космосбек Чолпонбаев: Бишкектин үй-бүлөлүк медборборлору баары үчүн ыңгайлуу жана ишенимдүү болушу керек

22 Тогуздун айы 2018 14:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.10.2018.Govori.TV.
Бишкектин үй-бүлөлүк медицина борборлору баары үчүн ыңгайлуу жана ишенимдүү болушу керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Анын айтымында, алгачкы медициналык-санитардык жардам системасында саламаттыкты сактоо уюмдарын кайра түзүүнүн максаты, жарандардын керектөөлөрүн канааттандыруу жана башканын баары экинчи планга түшүшү керек. Министр билдиргендей, Бишкекте миллиондой калкка 19 үй-бүлөлүк медициналык борбор иштейт.
“Бизге чоң кезектерге, кызматкерлердин кайдыгер мамилесине карата даттануулар көп түшөт. Адамдарга сапаттуу кызмат көрсөтө албай жатабыз. Социалдык секторду өнүктүрүү үчүн көп каражат талап кылынарын мурда эле ойлонушубуз керек болчу. Ортомчуларга кымбат акча төлөп, кызмат көрсөтүүлөрдөн канааттанбаган жарандардын саны да өсүүдө”, — деди Чолпонбаев.
Ал бүгүнкү күндө рационалдык мамиле кылуу артыкчылыктуу багыт болушу керектигин белгиледи.
“Ар бир жетекчи акча санаганды билиши керек жана ар бир тыйын туура бөлүнүп, бир казнага барышы керек. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын эч бир жетекчиси өзүнүн кызматын бир мөөнөттөн ашык ээлебей, мамлекеттик мекемени менчик вотчинага айланбашы керек. Саламаттыкты сактоо өзүнүн чөнтөгү үчүн иштей турган жер эмес экендигин эске алуу керек. Медициналык кызматкерлерге баары үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу боло турган саламаттыкты сактоону башкаруунун адилеттүү системасын жаратууга дем бериш керек”, — деди Чолпонбаев.
Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы алгачкы медициналык-санитардык жардам системасындагы саламаттыкты сактоо уюмдарын башкаруунун оптимизациясын жүргүзүүдө. Мындай өзгөрүүлөр оорулардын алдын алууну күчөтүү, калк арасында ден соолуктуу жашоо образын популяризациялоо, ресурстарды рационалдуу пайдалануу максатында жүрүүдө.
Количество просмотров: 30