• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала алып келинди

22 Тогуздун айы 202313:04 Бишкек Govori.TV

Сириядан Кыргызстанга атайын рейс менен Кыргызстандын жарандары — 21 аял жана 62 бала алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчынын жана министрлер кабинетинин тапшырмасын аткаруу максатында «Айкөл-3» атайын операциясы ийгиликтүү ишке ашырылды.

«Кыргыз тарап бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн көрсөтүлгөн ар тараптуу жардам жана логистикалык колдоо үчүн АКШ өкмөтүнө, ошондой эле БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгенлей, бул миссиянын алкагында кыргыз делегациясы ошондой эле Сириянын түндүк-чыгышындагы калктын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектер менен гуманитардык жардам көрсөттү.

Количество просмотров: 409