Kozu Grillдин жаңы тартылган жарнамалык чакан тасмасында кыз ала качуу чагылдырылган. Жарнамалык ролик компаниянынын жана актер Азамат Исмаиловдун Instagram баракчасына жүктөлгөн.
Тасманын сюжетинде жаш жигит жаңы таанышкан кызды үйүнө ала качып келет. Уулунун бул кылганына атасы каршы болуп, апасы экөө сүйлөшүп баш кошкондорун айтат. Андан соң атасы уулун кандай учур болбосун кудалары менен сүйлөшөм деп жоошутат. Кыздын атасы келип кызын алып кетүү каршылыгын көрсөтөт, бирок козу грилди татып көргөндөн кийин кызынын отурбайм дегенине карабай эт жеп, макул болуп калганы чагылдырылат.
«Аял затын көздүн карегиндей сактайлы. Үйлөнө албай жүргөн досторуңду белгиле», — деп жазган Азамат Исмаилов.
Бул тасманы айрым интернет колдонуучулар «кыз ала качууга үндөгөн» жарнама экенин айтып, түрдүү пикирлерин жазышууда.