КР ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн мүмкүнчүлүгү күчтөндүрүлүүдө
КР ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн мүмкүнчүлүгү күчтөндүрүлүүдө
30 Баш оона 201817:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.08.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 30-август күнү Бишкек шарында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын “Борбордук Азияда регионалдык кызматташтыкты жана Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруунун потенциалын чыңдоо” долбоорунун алкагында кайтарымсыз негизде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 бирдик Пикап үлгүсүндөгү автоунааларын жана зарыл болгон авариялык-куткаруу жабдууларын Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүктөрүнө расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, Жапон өлкөсүнүн Кыргызстандагы ыйгарым элчиси Ёсихиро Ямамура, Кыргызтандагы БУУӨПнын туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело, министрликтин кызматкерлери катышкан.
ӨКМге берилген 22 даана Пикап үлгүсүндөгү автоунааларын жалпы баасы 793 184 АКШ долларын түзөт, унаалар министрликтин Бишкек, Ош жана аймактыгы өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилет. Министрликтин өрт-куткаруу бөлүктөрүнө берилүүчү автоунаалар потенциалдуу коркунучтуу аймактарда өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыр таркандарга өз убагында натыйжалуу жардам көрсөтүү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн багытталат.