• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

КР жарандыгына 976 адам кошулуп, 929 адам жарандыктан чыгарылды

15 Жетинин айы 2019 13:36 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 5 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Үч Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 976 адам кабыл алынат (анын ичинен 821 — чоң адамдар жана 155 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Эки Жарлыкка ылайык, 929 адам (анын ичинен 722 — чоң адамдар жана 207 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Бардыгы 1905 адам кайрылышкан (1543 — чоң адамдар жана 362 — балдар).

Количество просмотров: 50