• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кремль Атамбаевдин кол тийбестигинин алынуусу тууралуу комментарий берди

27 Кулжа 201918:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.

Орусия Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу Кыргызстандын ишине аралаша албайт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин жазды.

«Бул Кыргызстандын ички иши. Биз бул иштерге аралашууга кыпындай дагы ниетибиз жок», -деди ал.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратышты. Чечим бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынды.

103 депутат макул деген добуш берди, 6 эл өкүлү каршы болду.

Количество просмотров: 13