• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кримавторитет «Дженго»айдоочусу менен кармалды (видео)

15 Тогуздун айы 201918:08 Бишкек Govori.TV

Ошто «Дженго» деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досонов айдоочусу менен кармалды. Бул тууралуу видео социалдык тармакка жарыяланды.

Белгилүү болгондой, Ош ОИИБи рейд учурунда укук коргоо органдарынын токтотконуна карабай мамлекеттик номурсуз «Мерседес Бенц» унаасы качкандыгын билдирген.

Унаанын артынан кууп жетип, текшере келгенде арт жагында Кадыр Досонов отурганы аныкталган. Жана айдоочунун жанынан чоо-жайы аныктала эле тапанча табылган.

«Кадыр Досонов бараткан унаа айып аянтчасына киргизилди, жол эрежелерине баш ийбегени үчүн административдик жазага тартылды. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган үчүн Досоновдун башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу, тапанча боюнча текшерүүлөр уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Кримтөбөл Кадыр Досонов адам өлтүрүүгө тиешеси бар деп кармалып, бирок эки жыл мурун соттон толугу менен акталып чыккан.

Количество просмотров: 2309