УКМКнын СИЗОсунда олтурган кримтөбөл Адилет Касенов үй камагына чыккан. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, айыпталуучунун бир ыптасы кыймылдабай калган. Ошондуктан, тергөөчүнүн өтүнүчүнүн негизинде 22-августта Адилет Касенов бөгөт чарасы өзгөртулүп, үй камагына чыккан.
Эске кетсек, Адилет Касенов ушул жылдын май айында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен бирге кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандар көп жылдар бою ишкерлердин Кытайдан экспорттолгон эл керектөөчү товарлары бар жүктөрдү тоноп жүргөн.