• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча эки адамга өкүм чыкты

27 Баш оона 2020 11:57 Бишкек Govori.TV


Бишкектеги Свердлов райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишинде айыпталуучу катары өтүп жаткан мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевага жана атайын прокуратуранын өкүлү Кубатбек Жуматаевге карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Ага ылайык, Сагинбаева менен Жуматаев бул иште коррупцияга катыштыгы бар деген негизде күнөөлүү деп табылган. Алар тергөө менен кызматташууга баргандыгы үчүн сот ар бирине 260 миң сом өлчөмүндөгү айып төлөөгө милдеттендирген.

Эске салсак, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы 2019-жылдын январында кайра иликтей баштап, сентябрь айында мыйзамга шайкештигин текшериш үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Сотко иш ошол жылдын октябрында өткөн.

ИИМ бул иш Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде тергелгенин, шектүү 19 адамдын 14ү тергөө менен кызматташууга макул болгонун, иш 451 томдон турарын кабарлаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кесилген. Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага беш миллион сом айыппул салынган.

Количество просмотров: 6517