• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Кримтөбөл Көлбаевдин иши мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу токтотулганы айтылды

17 Баш оона 2023 11:13 Бишкек Govori.TV

Кримтөбөл Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу  Kaktus.media сайты укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, Камчыбек Асанбектин кылмыш жоопкерчилигине тартуу алты ай мурун иштин мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу токтотулган.

«Тергөөчүлөрдүн айтымында, Камчыбек Асанбек Казакстанда кылмыштуу уюм түзүүгө шектелген. Бирок кылмыш 2007-2009-жылдары жасалгандыктан аны жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткен. Буга байланыштуу УКМК кылмыш ишин тергөөнү токтотту»,-деп жазылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук комитети бул боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук комитети Камчыбек Көлбаевди былтыр 22-октябрда кармаган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлган. 5-ноябрда Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган. Кийин Көлбаев эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен абактан бошотулган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган.

Количество просмотров: 133