• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

КРнын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков кызматынан бошотулду

12 Жетинин айы 201914:31 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Сопоков Эркин Мамасалиевич ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эске салсак, Стамбулда куралдуу кол салуунун кесепетинен ишкер Айеркен Саимаити каза болду. Анын ысымы Кыргызстандын чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик изилдөөдө айтылган.

Ишкер өлтүрүлгөн жерден 34 CC 2092 консулдук номуру тагылган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаа табылган. Жалпыга маалымдоо каражаттары аталган унаа Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулуна таандык болушу мүмкүн экенин жазышкан эле.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүгө комментарий бере элек.

Количество просмотров: 53