• Шаршемби 22 Бугу 2024
  • Среда 22 Май 2024

КСДП акыйкатчы Оторбаевди ээрден алууну чечти

15 Бештин айы 2017 13:08 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы Акыйкатчы Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды.

Анын айтымында, мындай чечимге Оторбаевдин фракциянын бүгүнкү жыйынына катышпаганы себеп болду.

Депутат Рыскелди Момбеков Азаттыка фракциянын чечимин төмөндөгудөй түшүндүргөн.

— Акыйкатчы ар бир жылдын апрелинде жылдык отчетун бериш керек. Адам укуктары боюнча 2016-жылдагы баяндамасы бизге быйыл апрелде жөнөтүлгөн. Андан бери сегиз ай өттү. Сегиз айдан бери беш жолу чакырылган, күн тартибине киргизилген. Бирок баяндамасын жактаганы келбей койгон. Бүгүн ошондой чечим кабыл алдык.

Момбеков фракциянын чечими акыркы эмес экенин, эми маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарыларын кошумчалады.

“Жалпы парламент көпчүлүк добуш менен Акыйкатчынын жылдык баяндамасын кабыл албай койгону аны кызматынан алуу менен барабар болот”, — деп белгиледи Момбеков.

Жогорку Кеңеш Оторбаевди Акыйкатчы кылып 2015-жылдын 30-декабрында шайлаган.

Количество просмотров: 5