• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

КСДП: Атамбаев өкмөт башчы же депутат болгусу келбейт

8 Жетинин айы 2018 12:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.11.2018.Govori.TV.
КСДП экс-президент саясаттан биротоло качан кетээри боюнча айтып беришти.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев өз оюн алмаштырбаганын жана  бийик саясий орундукка отурбасын КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирген.
«Алмазбек Шаршенович мурдараак белгилегендей мамлекеттик кызматка баруу ниети жок. Биздин максат- Кыргызстанда парламенттик режимди куруу. КСДП 2020-жылдагы шайлоого барат жана анын башында Алмазбек Атамбаев турат, бирок ал депутат болбойт»,-деп билдирген Жолдубаева.
Партиянын өкүлү кошумчалагандай КСДП катарына жаңы адамдарды кошуу аракетин көрүп жатат, качан гана партияны ишеничтүу колго өткөрүп берген соң Алмазбек Атамбаев эс алууга кетет.
Эске салсак, экс-президент март айында болгон маалымат жыйында «Менин максатым бийлик эмес, премьер-министрдин орду эмес, мен 2020-жылдагы шайлоого партияны даярдайм»,-деген сөзүн айткан.
Количество просмотров: 42