Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.
“КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын төрагасы Сагынбек Абдрахманов: «Атамбаев партиянын банктагы каражаттарын толук өткөрүп бериши керек”, –деген арыз билдирүүнү Улуттук банкына жөнөткөнүн айткан.
Бирок Улуттук банктын төрагасы эч кандай арыз түшө электигин биздин каналга айтып, «түшкөн күндө да соттун чечими жок болсо, Абдрахмановго эч бир маалымат берилбейт», –деп белгиледи.
Мамлекеттик органдар да кызык абалда калды. Себеби, Юстиция министрилиги жаңы КСДПга баардык шарттарды түзүп жаткан чакта Улуттук банк Абдрахмановго кыр көрсөткөндөй… Эми кандай нукка абал өзгөрөт жакында билинет.