• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

КСДП Кытайдын компартиясынан 1 млн сом алганы тууралуу пикирлер

23 Жалган куран 2018 18:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.03.2018.Govori.TV
Кытайдын Коммунисттик партиясы Кыргызстан социал-демократтар партиясына жардам иретинде 1 млн. сом бөлдү.
Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Азаттык” радиосундагы “Арай көз чарай” талкуусу учурунда билдирди.
Анын айтымында, КСДПнын Орусиядагы “Единая Россия”, Казакстандагы “Нур отан”, Кытайдын Компартиясы менен да жакшы байланышы бар. Ал гранттык негизде берилген каражат партиянын ишмердүүлүгүнө, кеңселерин каржылоого, залын оңдоого жумшалышы ыктымалдыгын айтты.
Саясатчылар менен жарандык коом КСДП партиясынын 1 млн сом алгандыгын кескин сынга алышты.

Динара Ошуракунова «Жарандык көзөмөл» коомдук уюмунун жетекчиси
«Мыйзам саясий партиялардын чет өлкөдөн каржылануусуна тыюу салат. Себеби бул өлкө үчүн коркунучтуу. КСДП бийликчил партия болуп туруп 1 млн сом алса, анда чет өлкөлүк тыңчыга айланат».

 

Равшан Жээнбеков  саясатчы
Саясий партиялар купуя түрдө Кремлден каржыланчу. Эми Кытай.. Эгер КСДП Кытай Компартиясынан акча каржатын алган болсо, бул кылмыш. Мен бул нерсени «Саясий партиялар боюнча» мыйзамдын демилгечиси катары жакшы билем. Мындай иш үчүн партиянын лидери жана акчаны алган адамдар жоопко тартылышы керек. Франциянын мурдагы президентти Саркози эмне болуп жатканын карагыла.   

 

 

Количество просмотров: 25