• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

КСДПнын депутаттарынын өз талапкерине ичи чыккан эмес

25 Теке 201813:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25. 07. 2018. Govori.TV
Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы жыйын өткөрүп, Азиз Суракматовдун талапкерлигин караган. Бул тууралуу аталган фракциянын атын атагысы келбеген депутаты билдирди.
Анын айтымында, депутаттардын көбү аталган кандидат боюнча бир добуштан макул болушкан эмес.
«Азиз Эмилбековичтин талапкерлигин кесиптештер толук колдоого алышкан жок. Буга талапкердин шаарды башкарууга потенциалынын, тажрыйбасынын жетишсиздиги себеп болду окшойт…»,-деди ал.
Эске сала кетсек, Азиз Суракматов ЖКнын депутаты Эльвира Сурабалдиеванын аталаш тууганы. Анын аты Акүйдүн эшик алдына салынып жаткан имарат боюнча чууда да аталган.
Количество просмотров: 11