• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

КСДПнын курултайында Атамбаевге кандай сындар айтылды?

6 Чын куран 2019 18:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.04.2019. Govori.TV

Саламатсыздарбы урматтуу көрүүчүлөр. Азыр биз Алмазбек Атамбаев жетектеген КСДПнын нын 18-съезди өтө турган жайда турабыз. Партиянын курултайынын катышуучулары жааган жамгырга карабай чогулууда. Бул съездин КСДП Атамбаевсиз кыймылынын курултайынан айырмаланып жабык өтүүдө.

Бул съезддин эмне себептен жабык өткөрүлүп жатканына кызыгып көрдүк.

Съезддин башталышы алдында КСДПнын айрым мүчөлөрү өз ойлору менен бөлүшүп, кээ бирлери коркутуу болуп жатканын ачык эле айтып берди.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бул курултайга расмий түрдө чакыруу алганын баса белгилеп кирип келди.

Съезддин жүрүшүнө катышпай сыртта турган массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ар кандай жагдайларга күбөө болуп жатышты. Бул партиянын айрым мүчөлөрүнө курултайга катышууга мүмкүнчүлүк болбой, сыртта турушту.

Мындай жагдайдын жаралганы тууралуу КСДПнан мындай түшүндүрмө беришти.

Көпкө күткөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кетип калды окшойт дедим эле деп мыйыгынан күлгөн Атамбаев кыска сүйлөп басып кетти.  

Андан кийин КСДПнын делегаттары съездде кабыл алынган резолюция тууралуу өз ойлору менен бөлүшүштү.

Жыйынтыктап алганда курултайдын жүрүшүндө экс-президент Алмазбек Атамбаевге дагы бир катар сындар айтылганы белгилүү болду.

Количество просмотров: 24