Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.
Албетте Жогорку Кеңеште татыктуу депутаттар бар, бирок жалпы контекстте карай турган болсок жана ЖК төмөн рейтингин эске алганда Иса Өмүркулов айтмакчы «акырын жана тынч отуруулары абзел». Мындай пикирин КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында: «Эл Атамбаевди камоого жол бербейт, себеби экс-президент азыркы күндө бийликке каршы чыккан жалгыз саясатчы. Эгер бийлик от жаккысы келсе, анда жол болсун»,-деген билдирүсүн калтырган.
Эске салсак, бүгүн бир канча депутат Алмазбек Атамбаевди сынга алып, Башкы прокуратурадан анын иш аракетине баа берүүнү талап кылышты.