• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

“КТ Мобайл” компаниясынын “ай чапчыган” айлыгы

14 Бугу 2019 18:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.

Акыркы маалыматтарга таяна турган болсок, “КТ Мобайл” компаниясынын башкы директору Нурбек Мукамбетовдун бир айлык маянасы 350 миң сом, анын орун басары Эрназар Рысалиевдин айлык маянасы 300 миң сом, техникалык директор Николай Дмитриенконуку 290 миң сомго тете деген маалымат кеңири тараган.
Ушуга утурлай, бүгүн “КТ Мобайл” компаниясынын өкүлдөрү маалымат жыйын уюштуруп, 300000 миң сом алат деген маалымат “фейк” экенин белгилеп актанышты. Бирок, аталган компаниянын кызматкерлери орточо эсеп менен 157 миң сом алат дейт, “КТ Мобайл” компаниясынын башкы директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу.

Аталган компания 2003-жылы негизделгенин, учурда 27 кызматкер эмгектенип жатканын “КТ Мобайл” компаниясынын сатуу бөлүмүнүн башчысы Эрмек Исмаилова кошумчалады
Ал эми кеңири тараган бул маалымат боюнча элдин кабары барбы? Коомчулуктун пикирин дагы уктук.

Кызыгы, жакында «КТ Мобайл» компаниясы мамлекеттик 4-уюлдук оператор болуп түзүлүп, байланыш рыногуна кирүүнү пландап жатканы жакшы. Бирок, 2018-жылы түзүлгөн бул компания өзү «Кыргызтелекомго» ири суммадагы карызы бар экени айтылууда. Азырынча компания мамлекетке бир тыйын салык төлөп, киреше да алып келе элек. Буга карабай, андагы кызмат жетекчилери мынча каражатты кайдан алат? деген суроо пайда болот.


Количество просмотров: 11