• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

«КТ Мобайлда» депутаттардын кызыкчылыгы барбы?

30 Бугу 201916:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.05.2019.Govori.TV.

30-май күнү ЖКнын мурдагы депутаты Шамшыбек Медетбеков, ОАО «Кыргыз Телеком» компаниясынын мурдагы экс-төрагасы Нурлан Мадаминов баштаган коомдук ишмерлер журналисттерге маалымат жыйын уюштурду.

Жыйында MegaCom бренди менен таанымал «Альфа Телеком» ишканалары Salam бренди менен таанымал төртүнчү уюлдук операторду ишке киргизүү милдети тууралуу кеп козголду.

Андан тышкары «КТ Мобайл» компаниясына чет элдик уюлдук компаниялар абдан кызыктар болуп жана сатып алууга даяр болгондуктан, айрым депуттатар алардын кызыкчылыгын көздөп, аларга конкуренция болбош үчүн Кыргызстанда перспективдүү компания болууга мүмкүнчүлүгү бар «КТ Мобайл» компаниясынын тегерегинде ар кандай чуулу иштерди уюштурушууда деген маалыматтар айтылды.

«Кыргызстанга коопсуздук үчүн мамлекетке улуттук оператордук компания иш алып барыш керек. Айрым экс-депутаттар башка компаниялардын кызыкчылыгын көздөп жатышат. Ошондуктан О! оператору менен Мегаком компаниясына улуттук компания туруштук бере албай жабылып калбашы үчүн жаңы түзүлө турган улуттук уюлдук компания күжүрмөн аракеттерди кылышы зарыл»-деп билдирет коомдук ишмер Расул Умбеталиев.

Белгилей кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» мамлекеттик ишканаларынын ортосундагы кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрүп чечимдерди кабыл алган эле

Количество просмотров: 20