• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Чынар Капарова КТРК Байкоочулар кеңешинин мүчөлүгүнө өтпөй калды

30 Үчтүн айы 201917:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.01.2019. Govori.TV

https://www.facebook.com/100013113855086/videos/620394151741041/

КТРК Байкоочулар кеңещинин мүчөлүгүнө Чынар Капарова өтпөй калды.

Бул тууралуу ал өзү «Жалбыракка» маалымат берген.

Анын айтымында ушундай жыйынтык болоорун алдын-ала эле билген.

Жогорку Кеңештин түшкү танааписке чейинки жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоонун жыйынтыгы менен Чынар Капарова өткөн. А бирок, депутаттардын талаш пикиринен кийин бул маселе түштөн кийинкиге калтырылган.

Депутаттар жашыруун добуш беришип, эң көп добушту талапкер Чынар Капарова алды. Ага 79 депутат “макул”, 16сы “каршы” деп добуш беришкен.

Түштөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттары пикирин өзгөртүп, Чынар Капарованын 79 добушун жокко чыгарып, “дем албай” 5 саат тартышып отуруп, 77 добуш менен Атыргүл Сарыбаеваны шайлашты.

Кошумчалай кетсек, КТРКнын байкоочу кеңешине талапкер Атыркүл Сарыбаевага добуш бересиңер деген көрсөтмө келип түшкөнүн “Govori.TV.” маалымат агенттигине өздүк булактар кабарлаган. Атын атагысы келбеген айрым депутаттар маалыматты тастыктаган.

Количество просмотров: 20