Жайнак уулу Усөн КТРКны сотко берди. Мындан улам каналдын башкы директорун шайлоо убактылуу токтотулду.
Маалым болгондой, Жайнак уулунун кызматына кайра дайындоо боюнча арызынын негизинде Ленин райондук соту КТРКнын жектекчиси дайындоо боюнча конкурсту убактылу токтотуу чечимин чыгарды.
Белгилей кетсек, Жайнак уулу 6-октябрдагы окуялардан соң кызматын тапшырган.
Учурда коомдук каналдын жетекчилик кызматына дайындоо боюнча конкурска 15 талапкер өз документтерин берген эле.