• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

КТРКнын макамын өзгөртүү сунушталууда

1 Жалган куран 2022 16:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-марттагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезексиз жыйынында «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү» мыйзам долбоору каралды. Анда телеканалга Улуттук макам берип, мекемени реформалоо сунушталган. 

Ага ылайык, КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, эми башкы директорду дайындоо жана иштен алуу укугу президентте болот.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов аталган мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы 5-майда кыргыз элине кайрылуусунда айткан маселени ишке ашыруу максатында даярдалганын айтты.

 «Президент өз кайрылуусунда Коомдук телерадио берүү корпорациясын реформалоо зарылдыгы тууралуу айткан. Ошондой эле 2021-жылы 2-августта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ж.Бакашованын “КТРКны реформалоо жана аны Улуттук телерадио берүү корпорациясына айландыруу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун президенттин администрациясына киргизүү жөнүндө тапшырмасын аткаруу багытында иштелип чыкты”, – деди ал.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Коомдук телерадиоберүү корпорациясын “улуттук” кылып өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Документ парламенттин кароосуна чыгарылат.

Количество просмотров: 99