• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

КТРКнын жетекчиси менен экс-мэр кайым айтышууда

23 Тогуздун айы 201820:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.10.2018. Govori.TV
Бишкектин экс мэри Нариман Тюлеев менен КТРКнын директору Илим Карыпбеков кайым айтышууда. Бул айтышуу экс-мердин Алмазбек Атамбаев менен түшкөн сүрөтүнө байланыштуу.
 Себеби, Илим Карыпбеков ”Душманым деген киши менен селфилешип эмне кылат?”- деген сын көз-карашын өз баракчасына жарыялаган. Бул пикирге Нариман Тюлеев үн катып,кайым айтышууга айланды. Алардын талкуусун окугандар ”Деңгээлдери бала-бакчанын дэңгээлинен көтөрүлбөптүр” деп жазып жиберүүгө үлгүрүштү.
«Башкасы айтса да, сен үндөбөй эле койбойсуңбу? Мен аны менен иштеген эмесмин, буйругун аткарган эмесмин.  Ошондуктан, унчукпай кудайга шүгүр деп отур», — деп жооп берген Тюлеев.
Ал эми Карыпбеков «Үндөбөйм байке. Татыктуулар, чынчылдар сатпагандар жана байлар селфилей беришсин. Мага кайдан силерге жетиш» — деген.

 

 

 

 

 

 

 

 

Количество просмотров: 88