• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кубанов: “Perspective” тил борборун бейтаптарды дарылоо үчүн берүүгө даярбыз

1 Теке 2020 19:11 Бишкек Govori.TV

“Perspective” Эл аралык тил борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов Бишкектеги эң чоң кеңсесин бейтаптарды дарылоо үчүн берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Достор, мен 10 күндөн ашык үйдө эки тараптуу пневмония менен даарыланып жатам. Эми өзүмө келип калдым. Мындай ооруну эчкимге каалабайм! Күндөн күнгө пневмониядан адамдар каза болуп, даарыгерлер жетишпей, больницаларда эл көп болгону абдан капалантат. Жоопкерчиликти бир эле мамлекетке түртө бербей, ар бир ишкер ушундай абалда колунан келишинче жардам бериши зарыл. Бизде Бишкекте 5 окуу борборлорубуз бар. Алардын эң чоңу 7-кичи райондо жайгашкан кеңсе баардык талаптарга жооп берет. Ушул борборубузду коронавирус илдети менен күрөшүп бүткөнчө берип турууга даярбыз»,-деп жазды ал.

Мындан тышкары, Кубанов жалпы ишкерлерге кайрылып, ушундай кырдаалда көмөк көрсөтүүгө чакырды.

https://www.facebook.com/100008359877346/posts/2691096557845647/

Количество просмотров: 168