Бишкек.01.03.2019.Govori.TV.
Бийликти күч менен басып алуу үчүн соттолгон саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров боштондукка чыккан. Бүгүн алар мындан ары кандай кадамдарды кылаары тууралуу маалымат жыйын беришүүдө.
Анда «Биз мынтип айтып атканыбыздын себеби бар. Биз үч жылдан бери мыйзамсыз отуруп, акталдык. Андыктан Атамбаев башында турган команда бизди каралап каматкан. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин орду түрмөдө»,- деди Кадыров.