• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кубанычбек Кулматов 20-ноябрга чейин камакта калтырылды

24 Тогуздун айы 2018 14:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV
Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралды. Жыйынтыгында сот анын камакта калуу мөөнөтүн дагы бир айга узартуу чечимин кабыл алды.
Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Андан бери тергөө мөөнөтү 3 ирет узартылды. 
Количество просмотров: 19