• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кубанычбек Кулматов 31-январга чейин камакта калтырылды

14 Үчтүн айы 2019 15:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.01.2019. Govori.TV.

Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду 31-январга чейин камакта калтырды. Отурум 14-январда болгонун Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз кызматы кабарлады. Мурдараак ушундай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарып, Кулматовдун адвокаты шаардык сотко арызданган.

Эске салсак, Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кулматов эки кылмыш иши боюнча айыпталган. Биринчиси баш калаада мектеп курууга жумшалган 2 миллион долларды пайдалануудагы жемкорлукка, экинчиси — паспорт жана жарандык маселесине байланыштуу болчу. Экинчи иши боюнча арыз кайра чакыртылып алынганы кабарланган.

Количество просмотров: 20