• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кубанычбек Кулматов УКМКга суракка кирди

5 Кулжа 2018 15:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.06.2018.Govori.TV.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов кайрадан Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылып, имаратка кирип кетти. Бул маалыматты Govori.TV. агеттигине  КСДП партиясынын маалымат кызматы тастыктады.

Мындан мурда УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин негизинде, Кубанычбек Кулматовго Кылмыш жана жаза кодексинин 303-беренеси (паракорчулук) деген айып таккан.

Ал 2014-жылы Кытайдын TBEA компаниясынан грант негизинде келген, Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого багытталган каражаттын 2 млн долларын Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп салууга жолдогон. Сынагы жок эле «Альто Групп» деген компания менен келишим түзүп, анын эсебине 1 млн доллар көтөргөн деп айыпталууда. Ошондой эле шаар казынасынан мектепти курууга 100 млн сом которулган.

Аты аталган компаниянын жетекчилеринин бири учурда камакта. Жакында Кулматовдун үйү тинтүүгө алынды.

УКМК Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун мүлкүн камакка алган.

Количество просмотров: 17