Экс-мэр, бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов бүгүн үй камагына чыгышы мүмкүн. Мындай пикирди анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымына таянсак, бүгүн Бишкек шаардык сотунда коррупцияга жана жасалма документти пайдалануу боюнча кылмыш иши ачылган Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралат.
“Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий түрдө Кубанычбек Кулматовдун эч качан Орусиянын жарандыгын албагандыгын тастыктады. Мунун менен Кулматовго коюлган кылмыш айыбынын бири толугу менен жокко чыкты. Ошондуктан, бүгүн сот адилеттиги болсо ал үй камагына чыгышы керек. Экинчи иш боюнча да анын күнөөсүздүгүн далилдей алабыз”,-деди жактоочу.
Эске сала кетсек, ТЭЦтин модернизациясы боюнча ТБЕА компаниясы тарабынан курулган мектепте жемкорлук болгондугуна байланыштуу Кубанычбек Кулматов УКМК тарабынан камакка алынган.