• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кубатбек Боронов жана Кашкар Жунушалиев Солтон-Сарыда эл менен жолугушат

6 Баш оона 20199:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.08.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти. Мында алар ал жактагы айылдардын Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушмакчы.

Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктамакчы.

Количество просмотров: 12