• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кудайбердиева: «Билим берүү мекемелери жаңы окуу жылына даяр»

28 Баш оона 201917:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.08.2019.Govori.TV.

«1-сентябрга чейин 9 мектептин курулушу бүтөт. 2019-жылдын аягына чейин 39 мектептин спорт зал жана 3 бала бакчанын курулушу аяктайт », – бул тууралуу бүгүн, 28-августта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева «Жалпы билим берүү мекемелеринин 2019-2020 окуу жылына карата даярдыгы» тууралуу маалымат жыйында билдирди. Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей, бүгүнкү күндө билим берүү системасында ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана оорунун катуу формасы менен ооруган балдардын категориясы үчүн «Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө» жобо иштелип чыкты. Учурда үйүндө жеке формада 1263 бала окууга камтылган.

Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, 2019-2020-окуу жылында биринчи класска 156 миңден ашуун бала барат. Алардын ичинен 22 миңден ашуун бала Бишкек шаарынын, Жалал-Абад, Ош жана Чүй областарынын мектептерине барат.

Андан тышкары, быйылкы жаңы окуу жылында мугалимдердин IT-компетенцияларын жана окуучулардын санариптик жөндөмдөрүн өнүктүрүү сыяктуу бир катар долбоорлор ишке киргизилген.

Количество просмотров: 22