Гүлмира Кудайбердиева билим берүү жана илим министри Өкмөт башчы Абылгазиевдин берген тапшырмаларын аткара албасынан улам кызматынан кетүү чечимин кабыл алган. Бул тууралуу «Govori.TV» агенттигине өздүк булактар кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ Кудайбердиеваны премьер министр чакырып бир катар тапшырмаларды берген. Ал эми Гүлмира Кудайбердиева берилген иштерди бюджетте акча жоктугунан улам аткара албасын айткан экен.
А бүгүн, 4-сентябрда Г.Кудайбердиева отставкага кетүү тууралуу арызын берген жана тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.