Талас районундагы Беш-Таш айылынын 36 жаштагы тургуну Кундуз Алымбаева 8 кыздын апасы. Бул тууралуу «Турмуш» агенттиги жазды.
Кундуздун жолдошу Майрамбек Жарашов 40 жашта.
«Өзүм Манас районунун Үч-Коргон айылында чоңойдум. Орто мектепти аяктагандан кийин Талас шаарындагы №90 лицейде окуп калдым. Кесибим боюнча тигүүчүмүн. Турмуш шартка байланыштуу кесибим боюнча иштеген жокмун.
Жолдошум Майрамбек экөөбүздү кыздар тааныштырган. Талас шаарынан таанышканбыз. Мамилебиз келишип, тил табышып кеткенден кийин 2004-жылы Талас районунун Беш-Таш айылына келин болуп келдим. Өзүм негизи 2 уул, 2 кыздуу болсом деп кыялданчумун. Бирок жараткандын буйругу экен, минтип 8 кыздуу болуп отурам. Албетте, биринчи кыздуу болгондо катуу сүйүнгөнбүз. Андан да катуу эгиз кыздарым төрөлгөндө сүйүндүк. Ошондо жолдошум экөөбүз тең башкача сүйүнгөнбүз. Бизди эгиз балалуу болгон ата-энелер түшүнсө керек. Ичимдеги түйүлдүк 4 ай болгондо эгиз экенин билдим. Төрөлүп, колубузга алганда башкача сезимде болдук.
Негизи жолдошум кыздарыма жакын. «Эркек бала төрөгөн жоксуң» деп бир ооз да айткан жок. Бирок туяк калышы керек, кудай берерин унутпасын деп келем. Сегизинчи кызым төрөлгөндөн кийин элден бата алалы деп бата той бердик. Кудайым буйруп койсо тогузунчу наристебиз уул болуп калышы да мүмкүн. Өзүм деле жалаң эле кыз деп көңүлүмдү ооруткан жокмун. Аман-эсен, он эки мүчөсү менен төрөлсө экен деп жүрдүм. Жаратканым берерин унутпаса бизге да уул берер. Айылдагы жаш жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайбыз. Кудайым берсе дагы төрөйм», — деген Кундуз Алымбаева.
Булак: turmush.kg