«Мен Бишкек эркин экономикалык аймагынын (СЭЗ) башчысы болуп дайындалдым». Бул тууралуу активист Кудрет Тайчабаров өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Жапаровдун бул чечимди кабал алуусу жеке чечим болгон.
«Учурда кыргыздын уул-кыздары дүйнөнүн ар кайсы бурчунда эмгектенишет. Ошол мекендештерибиз аркылуу Кыргызстанга эркин экономикалык аймакка түрдүү багытта өндүрүш менен алек болгон инвесторлорду тарта турган мезгил келди. Буга Өкмөт/бийлик болгон аракетин жумшап, мурдагыдай бюрократиялык, коррупциялык тоскоолдуктарды жоюуга бел байлап турат. Андыктан, баардык патриот инсандарыбызды болгон билген инвесторлорду СЭЗ Бишкекке тартууга чакырам. Силердин жардамыңар менен биз инвестициялык маанайды, өндүрүштү, экономиканы жакшырта алабыз, жаңы жумуш орундарын түзүүгө себепчи боло алабыз. Андыктан, СЭЗ Бишкекке эч кандай тоскоолдугу жок баардык мекендешибиз дүйнөнүн ар кайсы бурчунан завод-фабрикаларды салганга инвестор тартаа алаарын айтып, мен ар дайым ушул фейсбук аркылуу баардык сунуштарды талкуулоого даяр экенимди айта алам», — деп жазган ал.