Биринчи май райондук соту Бишкектин мурдагы башчысы абактагы Кубанычбек Кулматовду 28-октябрга чейин абакта калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз өкүлү Чынара Жумакадырова билдирди.
Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен айып коюлган.
Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны «1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн» деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …